Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан уруксатсыз орнотулган  темир тосмолорду демонтаждоо чаралары көрүлүүдө.

Иш борбор калаанын архитектуралык-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуунун  алкагында жүргүзүлүүдө.

Демонтаждоо төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлдү:
- Эркиндик бульвары, 7;
- Исанов көчөсү, 81, 85 жана 87;
- 7-апрель жана Молдокулов көчөлөрүнүн кесилиши;
- 5 -кичи райондо.

Демонтаждалган тосмолордун жалпы узундугу 551 метрди түзөт.
Буга чейин үй ээлерине эскертүүлөр берилген.

Мындай иш-чаралар өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында улана берерин эскертебиз.