2025-жылдын 8 - апрелинде саат 10:00 - 24:00 чейин төмөнкү даректердеги турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Өчүрүү төмөнкү көчөлөрү менен чектелет:
•Ала-Арча суусу- темир жол - Жибек -Жолу пр. - Ж. Гвардия бульвары;
•Ж. Гвардия бульвары - темир жол –Фрунзе көчөсү.– Манас проспектиси;
•Д. Сяопин проспектиси - Ала-Арча суусу – Бөкөнбаев– Кулиев –Москва –Фучик–Казаков көчөлөрү;
Ичүүчү суу «Запад-2» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
«Бишкексууканал» МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.