Суунун баасы боюнча келип түшкөн даттанууларга байланыштуу “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы суу менен камсыздоо жана канализация кызматтарын төлөөнүн альтернативдүү варианты катары муздак сууга жеке эсептегичтерди орнотуу мүмкүн экендигин эскертет.

Белгилей кетсек, суу эсептегичтерди орнотуунун аркасында абонент 1000 литрге (1 тонна сууга) 10 сом 45 тыйын менен иш жүзүндөгү суунун сарпталышына жараша төлөп берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Суу эсептегичтерди орнотуунун артыкчылыктары:
- иш жүзүндө колдонулган суунун көлөмү үчүн төлөм жүргүзүлөт;
- реалдуу керектөөнү билүү аркылуу суу ресурстарына кылдат мамиле кылууга түрткү берет;
- суунун керектөөсүн көзөмөлдөө аркылуу ай сайын төлөнүүчү төлөмдөрдү кыскартуу мүмкүнчүлүгү.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 5-июлунан тартып Бишкек шаарында абоненттер үчүн муздак сууну керектөөнүн жаңыланган стандарттары киргизилген. Бул өзгөртүүлөр көп кабаттуу үйлөрдө да, жеке сектордо да орнотулган суу эсептегичтердин санын көбөйтүүгө шарт түздү.

Орнотуу статистикасы:
- көп кабаттуу үйлөр: 2024-жылы жаңы стандарттар киргизилгенге чейин 78 913 муздак суу эсептегичтери катталган. Муздак сууга жаңы стандарттар киргизилгенден кийин 82 097 муздак суу эсептегичтери орнотулган.
- жеке сектор: 2024-жылдын башына карата жеке сектордо 2839 суу эсептегич орнотулган. Бүгүнкү күндө 5929 абонентте суу эсептегичтери бар.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы бардык шаар тургундарын жеке суу эсептегичтерин орнотууга чакырат. Бул коммуналдык төлөмдөрдү үнөмдөөгө гана мүмкүндүк бербестен, борбордун суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга да салым кошот.