Ушул ишембиде, 2025-жылдын 5-апрелинде Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлыктын алкагында жалпы шаардык ишембилик өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү эрежелеринин 169-пунктуна ылайык, менчиктин бардык түрүндөгү ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жетекчилери, кызматкерлери, жарандар бекитилген жана жанаша жайгашкан аймактарда Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча айлыктарга катышууга милдеттүү.
Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы мекеме-уюмдардын жанаша жайгашкан, белгиленген жана бекитилген аймактарды тазалоо иштерине көзөмөл жүргүзөт.
Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Бишкек шаарынын мэриясы баарыңыздарды ишембиликке катышууга чакырат.