2025-жылдын 6-апрелинде Бишкек шаарында жазгы велосезондун ачылышы өтөт.
Веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында башталат. Каттоо ошол жерде 09:00дөн 10:00гө чейин жүргүзүлөт.
Финиш «Газпром-балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде болот. Бул жерде спорт сүйүүчүлөрүн көптөгөн кызыктуу оюн-зоок программалары күтөт. Жүрүштүн жалпы узундугу 5,5 км түзөт.
Маанилүү: Веложүрүш өтүүчү маршрут – Абсамат Масалиев проспектинин Байтик Баатыр көчөсүнөн Чортеков көчөсүнө чейинки түндүк тарабы убактылуу унаа кыймылы үчүн жабылат.