Биринчи май районунун мектептеринде өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ата-энелер менен жолугушуулар уланууда.
Биринчи май районунун №107 орто мектебинде балдардын арасында укук бузууларды, кылмыштуулукту, баңгилик, жол кырсыктарын алдын алуу, зордук-зомбулукка, бейбаштыкка, рэкетчиликке каршы күрөшүү боюнча ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында жашы жете элек балдардын ата-энелери менен жолугушуу өткөрүлдү.
Иш-чарага Биринчи май районунун акиминин орун басары Ч.Д. Жаныкеева, билим берүү жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары С.К. Шербаева, А.К. Болотов, КР ИИМ БМЖККК Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары А.Б. Жоорбаев, ошондой эле Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция кызматынын өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар өз аймактарында кылмыштуулуктун алдын алуу чаралары, ата-энелердин көзөмөлүнүн мааниси жана балдарды тарбиялоого активдүү катышуу тууралуу кеңири айтып беришти. Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, балдарды баңгиликтин терс таасиринен коргоо, ошондой эле өспүрүмдөр арасында сергек жашоо образын пропагандалоо боюнча маалымат айтылды.
Бул багыттагы чогулуштар ата-энелердин, билим берүү мекемелеринин жана мамлекеттик органдардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жардам берет, бул өсүп келе жаткан муун үчүн коопсуз жана колдоочу чөйрөнү түзүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.
Эскерте кетсек, алдын алуу максатында мындай жолугушуулар борбор калаанын бардык мектептеринде улантылат.