Чолпон-Ата шаарында шпага менен кылыч чабышуу (фехтование) боюнча эл аралык турнир өттү.

Мелдешке Казакстан, Беларусь жана Кыргызстандан келген 100дөн ашык спортчу катышты. Бул турнир алдыңкы спортчуларды гана аныктабастан, достук мамилени чыңдоо жана спорттун бул түрүн жайылтуу жана өнүктүрүү максатында уюштурулду.

Турнирди Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти, “Дельфин” олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жана Кыргыз Республикасынын фехтование федерациясы уюштурду.

Жеке мелдештердин жыйынтыгы (чоңдор жана кадеттер U-17):
Эркектер арасында биринчи орунду Аким Гнедчик (Беларусь), экинчи орунду Владимир Сидоров (Казакстан), үчүнчү орунду Жоодат Есеналиев (Кыргызстан) жана Нурмухамед Балтабай (Казакстан) сыйланды.

Аялдар арасында алтын медаль ээси Мария Гнеучик (Беларусь) болсо, күмүш медалды Мария Лесовская (Казакстан) алды, коло медаль ээлери болуп Акак Кенешова (Кыргызстан) жана Милана Певец (Беларусь) аталды.

Кадеттер (U-17) категориясында уулдар арасында чемпион — Аким Гнедчик (Беларусь), ал эми кыздар арасында чемпион — Алия Мамырова (Кыргызстан) болду.

Чоңдор жана кадеттер (U-17) арасындагы командалык мелдештин жыйынтыктары:

Эркектер арасында алтын медалды Кыргызстан-1 командасы утту, күмүш медалды Казакстан-1 командасы ээледи. Коло медалды Кыргызстан-3 жана Казакстан-2 командалары бөлүштү.

Аялдар арасындагы жеңүүчүлөр болуп Беларусь-1 командасынын  кылычташуучулары болду, экинчи орунду Беларусь-2 алды, ал эми коло медалдарды Кыргызстан-1 жана Казакстан-1 командалары бөлүштү.

Турнирдин жеңүүчүлөрү кубок, медалдар, дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.