2025-жылга карата пландын жана титулдук тизменин негизинде 5-апрелден тарта Токтоналиев көчөсүндө Абсамат Масалиев проспектисинен тартып «Жаштар кварталы» турак жай комплексине чейинки жол куруу иштери (1-этабы) башталат.

Буга байланыштуу №175 автобус каттамына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет. Каттам А. Масалиев, Бакаев жана Абдрахманов көчөлөрү аркылуу өтүп, «Ынтымак» жана «Калыс- Ордо» конуштары багыты боюнча жүрөт.

Курулуш иштерин «Технотоп» ЖЧК аткарат.

Урматтуу шаар тургундары жана айдоочулар! Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген  убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт. Жол тыгындарын болтурбоо үчүн алдын - ала жол каттамыңызды пландап, жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайбыз.