№58 мектебинин базасында мэрдин орун басары Азамат Кадыров Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги үйлөрдүн жашоочулары менен унаа жолун реконструкциялоого тийиштүү аймакты бошотуу иш-чарасынын алкагында жолугушту.
Мэрдин орун басары, эгерде бош жер участоктору болсо, Чыңгыз Айтматов проспектиси тарабынан объектти чегинтүү эсебинен Восточная көчөсүнөн жер участокторун бөлүп берүү маселеси карала турганын айтты.
— "Ошондой эле сиздер Восточная көчөсүн оңдоп-түзөөнү сурандыңыздар эле. Мэрия тротуар куруу менен көчөнү оңдоого даяр," — деп белгиледи А. Кадыров.
Учурда компенсация маселеси ачык бойдон калууда. Мэрдин орун басарынын айтымында, бул маселе ар бир участок боюнча тургундар менен биргеликте жеке тартипте каралат.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн айрым чарба курулуштар жана тосмолор алынат, толугу менен "Рахат" кафеси кирет.
А. Кадыров тургундарга долбоорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүүнү өтүндү.
«Эч ким сиздердин жеке менчигиңиздерге кол салбайт, биз муниципалдык жерлерде гана иш жүргүзүп жатабыз. Сиздердин укуктарыңыздарга эч ким тийбейт. Бирок, сураныч, долбоордун ишке ашырылышын кечиктирбеңиздер», — деп кошумчалады мэрдин орун басары.
Бардык тосмолор мамлекеттин эсебинен бир тилкеге орнотулуп, бирдиктүү дизайнда жасалат.
Участоктору реконструкциялоого туш келген тургундардын жана шаардык кызматтардын катышуусу менен маселелерди натыйжалуу кароо максатында жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.
Ошондой эле юридикалык чектен чыккан участоктор да бар, жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан аларды демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.
Маалымдама: Кыргыз ССРинин 1971-жылдын 2-июлундагы Жер кодексине ылайык (ошол убакта аракетте болгон) жер мамлекеттин менчигинде гана болгон жана пайдаланууга гана берилген, ошондой эле шаардын жерлери шаардын башкы пландарына, пландаштыруу жана өнүктүрүү долбоорлоруна, шаардын аймактарын жер-чарбалык жайгаштыруу долбоорлоруна ылайык пайдаланыла тургандыгы белгиленген.
Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1970-жылдын 13-мартындагы No 88 токтому менен бекитилген Фрунзе шаарынын башкы планы боюнча Ч. Айтматов проспектиси, Жибек-Жолу проспектисинен баштап Семетей көчөсүнө чейин кыймылы жөнгө салынуучу жалпы шаардык негизги көчө болууга арналган.
Ошону менен бирге жер участогуна жеке жана муниципалдык менчик укугу Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 46 Жер кодексинин кабыл алынышы менен пайда болгон. Мындан тышкары, 2006-жылы Бишкек шаарынын башкы планы бекитилген, мында да шаар куруу боюнча чектөөлөр сакталган.