"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы Аламүдүн дарыясынын жээгиндеги жаңы аллеяга жарыктандырууну орнотуу ишин баштады.

Учурда ишкананын адистери тирөөчтөрдү орнотуп, кабелди тартып, жарык берүүчү приборлорду орнотуп жатышат. Бул дарыянын жээгинде  каалаган убакта  ыңгайлуу жана коопсуз сейилдөөгө мүмкүнчүлүк  түзөт.

Учурда 19 даана бетон таяныч, кубаттуу чырактар орнотулуп, кабелдер тартылууда. Иш Ахунбаев көчөсүнөн түштүк тарапка жүргүзүлүп, жалпы көлөмү 1 км.

Мындан тышкары, Аламүдүн дарыясына чектеш башка аллеяларды жарыктандыруу иштери уланууда. Долбоор борбор калаанын тургундарынын  эс алуу жана сейилдөөсү үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.