2025-жылдын 2-апрелинен тарта Бишкек шаарындагы Медеров көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоп-түзөө үчүн жабылат.
Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкина көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Ошентип, Медеров көчөсүнүн 7-апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.
Буга байланыштуу №212 коомдук транспорттун схемасынын багыты Горький көчөсүнө чейин өзгөрөт.
Ошондой эле Медеров/Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилиши жана Медеров/Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн ачык болот.
Белгилей кетсек, «Технотоп» ЖЧКсы подряддык уюму иш алып барат.
Урматтуу шаардыктар, айдоочулар жана борбор калаанын коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарын болтурбоо үчүн каттамыңызды алдын ала пландоону жана коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.