Бишкекте күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатууга каршы рейддер улантылууда.
Иш-чара Профсоюз көчөсүн бойлой Фучик көчөсүнөн П-Лумумба көчөсүнө чейинки аралыкта 4 рейд өткөрүлүп, ага Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын, милициянын кайгуул кызматынын жана Биринчи май райондук администрациясынын кызматкерлери катышты.
Муниципалдык инспекция тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, 18 протокол түзүлүп, анын суммасы 54 000 сомду түздү. Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы тарабынан 1 500 литр күйүүчү май алынды.
Андан тышкары, рейддер борбор калаанын башка райондорунда да өткөрүлүүдө. Бензинди бөтөлкөлөргө саткан адамдарга каршы Ленин районунда 42 протокол түзүлүп, 126 000 сом айып салынды, Биринчи май районунда 70 протокол түзүлүп, айып пулдун суммасы 210 000 сомду түздү, Свердлов районунда 34 протокол түзүлүп, 102 000 сом айып жана Октябрь районунда 12 протокол түзүлүп, 36 000 сом айып салынды.
Бул укук бузууга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 286-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык 3 000 сом айып салынат.