Шаардык муниципалитетте шаар мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында  жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча жыйын өттү.

Жыйынга жол иштерин жүргүзүүгө жооптуу подряддык уюмдардын өкүлдөрү да чакырылган.

Жыйындын жүрүшүндө борбор калаа башчысы аткарылган иштердин сапатын жана подряддык уюмдар тарабынан объектилерди тапшыруу мөөнөттөрүн көзөмөлдөөнү тапшырды.   "Биринчи кезекте биз - өнөктөшбүз, ошондуктан алдыга коюлган милдеттерди аткарууга көбүрөөк көңүл бурууну суранам. Бардык иштер белгиленген мөөнөттө, бардык кемчиликтерди эске алуу менен кабыл алынышы керек. Буга чейин мөөнөттөрдү жасалма кечиктирүүгө жана стандарттарга ылайык келбөөгө жол берилген! Бул жылы жол курууга подрядчылар тарабынан да, акимиаттар тарабынан да шалаакы мамиле жазасыз калбайт",- деп белгиледи Айбек Джунушалиев.

Бардык жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын көзөмөлгө алуу Бишкек шаарынын мэринин орун басарына, төрт райондун акимдерине, мэриянын борбордук аппаратынын уюштуруу-көзөмөлдөө иштери боюнча бөлүмүнө тапшырылды.

Мэр мыйзам бузууга жол берген компанияларга өзгөчө көңүл бурду. Алсак, борбордук муниципалитет Бишкек шаарынын мэриясынын ак ниетсиз подрядчыларынын реестрин түздү, алар келечектеги тендерлерге катыша алышпайт.

Белгилей кетсек, жаңы көзөмөл системасынын аркасында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 2024-жылы шаардык бюджеттен бир топ каражат үнөмдөлгөн. "Өткөн жылы биз оңдоп-түзөөгө ыкчам мамиле кылуунун натыйжасында  415 миллион сом үнөмдөдүк. Иштер кошумча чыгымдарсыз жана белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүлдү. Бул жылы биз ишибизде ушундай тактиканы улантабыз", - деп кошумчалады мэр.

Катышуучулар ошондой эле подрядчыларга көзөмөлдү күчөтүү механизмдерин талкуулашты. Эми тендерден уткан ар бир ишканада керектүү техника, кадрлар бар экенин далилдеп бериши керек, антпесе ишке кирише албайт.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына тендерге катышуу үчүн подряддык уюмдардын тизмесин түзүү боюнча комплекстүү чараларды көрүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Бишкек шаарынын мэриясы ири масштабдагы жол иштерин улантат. Жергиликтүү бюджеттен каржылоонун көлөмү жогорку деңгээлде калат, ал эми оңдоо иштерин жүргүзүүгө болгон мамиле мындан да катуу жана ачык-айкын болот.