Бүгүн, 2025-жылдын 31-мартында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев мурда асфальт-бетон төшөлмөсүнүн стандарттарга дал келбегендиги жана бордюрдук блоктордун кемчиликтери аныкталган Ауэзов көчөсүнүн тилкесин дагы бир жолу текшерди.

М.Ауэзов көчөсүн Анкара көчөсүнөн ЧЧКга чейин оңдоо иштери "Чүйдорсервис" ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлгөн.

Борбор калаанын башчысы "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына жолду калыбына келтирүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү, ошондой эле жолду кеңейтүүнү эске алуу менен жол куруу үчүн жаңы подряддык уюмду аныктоону тапшырды.

Өз кезегинде "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына "Чүйдорсервис" ЖЧК подряддык уюмун жогоруда белгиленген аймакты куруу үчүн бардык финансылык каражаттарды кайтарып берүүгө милдеттендирүү тапшырылды.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы Ауэзов көчөсүндөгү тиешелүү уруксат документтери жок орнотулган объекттерди, ошондой эле кызыл сызыктан чыккан объекттерди демонтаждоо иштерин күчөтүү милдети коюлду.

Бүгүнкү күндө Ауэзов көчөсүндөгү Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан 42 объект демонтаждалып, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, жалпы суммасы 135 миң сомдук 7 протокол түзүлдү. Муниципалдык инспекция тарабынан жеке жактарга карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114 жана 107-беренелеринин 3-бөлүгү боюнча жалпы суммасы 7 миң сомго протоколдор түзүлгөн.

Кыдыруунун жыйынтыгында мэр Айбек Джунушалиев жогоруда белгиленген тилкени көрктөндүрүү маселесин кароону тапшырды.