Бишкек шаарында Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде жер алдындагы өтмөктүн курулушуна даярдык иштери башталды.

Буга байланыштуу 31-марттан баштап жолдун аталган бөлүгү транспорт үчүн жарым-жартылай жабылат.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган ири иш-чаралар өткөрүлгөндөн кийин, Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштери үчүн толугу менен жабылат.

Белгилей кетсек, Бишкектин борборунда - Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде - эскалаторлор, заманбап лифттер, сервистик объектилер, ошондой эле 220дан ашык унаага ылайыкталган жер алдындагы унаа токтотуучу жайды камтыган ири инфраструктуралык долбоор башталат.

Долбоор "Ташболот Холдинг" жана "Олд Бишкек" ЖЧКларынын жеке инвестицияларынын эсебинен ишке ашырылууда. Курулуштун жалпы бюджети 2 миллиард сомду түзөт.

ЭСКЕРТҮҮ! Чүй проспектисинин бир бөлүгү транспорт кыймылы үчүн 6-8 айга жабылат.