2025-жылдын 29-мартында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоорунун алкагында №1 жана №2 ДЕПОдо электробустар үчүн объекттин курулушун текшерди.

Көчмө жыйынга Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин, «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү, подряддык уюм “China Road and Bridge Corporation” компаниясынын өкүлдөрү, ошондой эле бул долбоорду ишке ашырууга жооптуу адистер катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө “China Road and Bridge Corporation” подряддык уюмуна эки ДЕПОнун бардык курулуш иштерин 2025-жылдын 21-майына чейин, келишимде белгиленген мөөнөттө так бүткөрүү тапшырылды. Мэр иштин сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Мындан тышкары, электр автобустарынын токтоп калышына подрядчы жооп берет жана буга байланыштуу бардык чыгымдарды подрядчы тапшырыкчынын пайдасына чечет.
Белгилей кетсек, «Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоору Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат, долбоорго ылайык Бишкекке 120 электробус келет.