Свердлов акимиатында балдар иштери боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.

Күн тартибинде интернаттык мекемелердеги, мектептердеги балдардын укук бузууларына байланыштуу, ошондой эле турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү колдоо максатында 31 материал каралды. Жыл башынан бери жалпысынан 289дан ашык материал каралган.

Комиссиянын төрагасы акимдин орун басары Айнура Арстамбекова, ал эми комиссиянын курамына тартылган бардык түзүмдөрдүн – СӨБ, өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, РИИБдин, РБББнын кызматкерлери, ошондой эле бейөкмөттүк уюмдардын өкүлдөрү кирет.

Бардык материалдар боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, үй-бүлө менен жекече иштөө жана баланы коргоо пландары бекитилди.

Урматтуу шаар тургундары! Эгерде балдарга карата зордук-зомбулукка күбө болсоңуздар, райондук балдарды жана үй - бүлөнү колдоо бөлүмүнүн ишеним телефондоруна кайрылсаңыздар болот: 53 03 76 (СӨБ);
балдар үчүн ишеним телефону - 111; бирдиктүү номери-112; зомбулуктан жана катаал мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам берүү борбору, Бишкек - 0312 54 29 34, 0312 44 25 10;  Акыйкатчынын ишеним телефону (жумуш убактысында) - 115.