Административдик-аймактык реформанын алкагында "Манас" аэропортуна баруучу жол Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өттү. Буга чейин Васильевский тракты деп аталган тилке Транспорт министрлигинин карамагында болсо, эми аны жарыктандыруу жана коопсуздук менен "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы алектенет.

Трассаны баланска өткөрүп бергенден кийин "Бишкекжарык" МИнин адистери текшерүү жүргүзүп, олуттуу көйгөйлөрдү аныкташкан: көп сандаган күйүп кеткен жол чырактар, бузулган кабелдер, анын кесепетинен жол тилкелери жарыксыз калган, ошондой эле жол кырсыктарынын натыйжасында мамылар бузулган. Бул тилке көп жылдар бою Бишкектеги эң кооптуу жолдордун бири болуп келген.

Азыр жарыктандырууну калыбына келтирүү иштери активдүү жүрүп жатат. Буга чейин ондогон жарыктар алмаштырылып, жаңы кабелдер тартылып, бузулган түркүктөр кайрадан орнотулат.

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы шаарды жарыктандырууну жакшыртууну улантып, Бишкекти борбордун жашоочулары жана коноктору үчүн ыңгайлуу кылууда.