Борбор калаада мэрдин орун басары Виктория Мозгачеванын жетекчилиги алдында, Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын депутаттарынын жана жумушчу топтун мүчөлөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.
Жыйында 2026–2028-жылдарга карата Бишкек шаарынын калкын социалдык жактан коргоону өнүктүрүү программасы талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгына жана «Уңгужол – Улуттук рух, дүйнөлүк бийиктик» доктринасына, ошондой эле Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык программасына байланыштуу жаңы программалык документти иштеп чыгуу зарыл.
Белгилей кетсек, бул Программа 2025-жылга карата Бишкек шаарынын калкын социалдык жактан коргоону өнүктүрүү тармагындагы негизги багыттарды жана приоритеттерди аныктап, 2026–2028-жылдар үчүн артыкчылыктуу багыт катары кызмат кылат.
Программада социалдык жана билим берүү кызматтарын көрсөтүү механизмдерин жакшыртууга, алардын натыйжалуулугун, даректүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле шаардык инфраструктураны ар кандай калк катмары үчүн мындан ары өнүктүрүүгө багытталган комплекстүү иш-чаралар каралган.