Октябрь районунда жыл сайын өткөрүлүүчү жазгы спартакиада өттү. Бул мелдешке 2013–2014-жылы туулган мектеп окуучулары катышып, өздөрүнүн чыдамкайлыгын, шамдагайлыгын жана командалык ынтымагын көрсөтүштү.
Мелдештин уюштуруучусу – Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти. Жеңүүчүлөр медаль жана дипломдор менен сыйланышты. Спартакиаданын негизги максаты – балдар арасында спортту жайылтуу, таланттуу спортчуларды аныктоо жана катышуучулардын ортосунда достук байланышты бекемдөө.
Кичи-футбол боюнча жыйынтык:
1-орун – №7 МАБ;
2-орун – №10 МАБ;
3-орун – Көк-Жар МАБ.
Пионербол:
1-орун – №6 МАБ;
2-орун – №10 МАБ;
3-орун – №11 МАБ.
Дартс:
1-орун – №8 МАБ;
2-орун – №9 МАБ;
3-орун – №10 МАБ.
Шахмат:
1-орун – №8 МАБ;
2-орун – №6 МАБ;
3-орун – №10 МАБ.
Кыймылдуу оюндар:
1-орун – №6 МАБ;
2-орун – №10 МАБ;
3-орун – №8 МАБ.
Ордо:
1-орун – №8 МАБ;
2-орун – №7 МАБ;
3-орун – №11 МАБ.
Тэг-регби:
1-орун – №7 МАБ;
2-орун – №11 МАБ;
3-орун – №19 МАБ.
Мындай иш-чаралар жыл сайын өткөрүлүп, барган сайын мындан да көп мектеп окуучуларын тартып, спорттун өсүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө.