Биринчи май районунда социалдык маанилүү жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар боюнча көп тармактуу комитеттин жыйынында кызамык, ВИЧ/СПИД, вирустук гепатит, курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал талкууланды.

Жыйын  райондун акиминин орун басары Ч.Д. Жаныкееванын жетекчилиги алдында,  райондук билим берүү башкармалыгынын, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин, мектептердин,  Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү, МАБ башчыларынын, Бишкек шаардык ветеринардык башкармалыгынын, ички иштер башкармалыгынын жана ҮМБ жетекчилеринин катышуусунда өттү.

Учурдагы эпидемиологиялык абал боюнча Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, Бишкек шаардык гемоконтакттык вирустук гепатит жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусуна каршы күрөшүү борборунун адистери баяндама жасашты.

Талкууда кызамык оорусунун абалына жана оорунун жайылышын алдын алуу чараларына өзгөчө көңүл бурулду. Жугуштуу оорулардын чыгышын натыйжалуу алдын алуу үчүн калктын маалымдуулугун жогорулатуу жана ата-энелер менен баарлашуу, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык кызматтардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү зарыл экендиги белгиленди.

Кеңешменин жыйынтыгында балдардын жана калктын аялуу катмарынын арасында кызамык оорусуна каршы профилактикалык иш-чараларды күчөтүү, ВИЧ/СПИД жана вирустук гепатиттин алдын алуу боюнча кошумча маалыматтык кампанияларды жүргүзүү, курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооруган учурларга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү боюнча чечим кабыл алынды.