Биринчи май районунда 2013–2014-жылы туулган окуучулар арасында жазгы спартакиада өттү.

Мелдеш №101 мектептин базасында жана Малышев көчөсүндөгү спорт аянтчасында өтүп, быйылкы оюндарга 400гө жакын жаш спортчу катышып, спорттун жети түрү боюнча күч сынашты.

Спартакиаданын негизги максаты — окуучулар арасында спортту жайылтуу, дени сак жашоо образын калыптандыруу жана достукту чыңдоо. Бул мелдештер балдарга чеберчилигин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берип, тажрыйба жана унтулгус эмоция тартуулады.

Мелдештин жыйынтыгы:

Кыймылдуу оюндар:
1-орун – №16 МАБ;
2-орун – Пригородный;
3-орун – №15 МАБ.

Дартс:
1-орун – №16 МАБ;
2-орун – Пригородный;
3-орун – №14 МАБ.

Тэг-регби:
1-орун – №16 МАБ;
2-орун – Пригородный;
3-орун – №15 МАБ.

Шахмат:
1-орун – №16 МАБ;
2-орун – Пригородный;
3-орун – №15 МАБ.

Пионербол:
1-орун –   №16 МАБ;
2-орун – №14 МАБ;
3-орун – №12 МАБ.

Ордо:
1-орун – №16 МАБ;
2-орун – №14 МАБ;
3-орун – Пригородный.

Мини-футбол:
1-орун – №16 МАБ;
2-орун – №15 МАБ;
3-орун – №12 МАБ.

Спартакиада райондун эң активдүү окуучуларын бириктирди. Жеңүүчүлөр медаль, грамоталар менен сыйланды.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти уюштурду.