Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун атынан вице-мэр Бакыт Дюшембиев куттуктап, Бишкек шаарындагы социалдык көйгөйлөрдү чечүүдөгү эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди.


«Бишкек шаарынын тургундарынын жаркын келечеги жана калаанын өсүп-өнүгүүсүнө багытталган ишиңиздерди  ийгиликтер коштосун. Борбор калаабызды өнүктүрүүдөгү, конуштарды газдаштыруу, балдар спорт аянтчаларын жана спорт комплекстерин ачуудагы эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем»,-деди вице-мэр.


Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык баракчалары менен төмөнкүлөр сыйланышты:


Макилов Кересбек Израилович —№98 АЗС башкаруучусу;


Жаманкулова Аида Сапарбековна — өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;


Примбердиев Мурат Дуйшеевич — капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы.


Аталган иш-чарага КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, КР Президентинин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов жана РФ Кыргызстандагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Андрей Крутько катышты.