Аталган жерде Бишкек шаарынын вице-мэр Эркинбек Исаков, Ленин районунун акими Нурдин Тынаев, демилгечи топтун мүчөсү Нурия Чойбаева жана Нурила Чекированын катышуусунда жумушчу жыйынт өткөрүлдү.


Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов активисттердин социалдык тармактарда көтөрүп чыккан идеясын колдоого алып, көчөт отургузуу тапшырмасын берген.


Жолугушуунун жүрүшүндө өрттөн каза тапкан кыргыз жана РФ жарандарынын элесине арналган 18 даракты 22-октябрда  отургузуу пландалды. Каражат мэриянын бюджетинен каралат.