Биринчи май районунда жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, эмгекке тартылган балдарды аныктоо, ошондой эле түнкүсүн ата-энесинин жана/же алардын ордундагы адамдардын коштоосу жок жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөрдү аныктоо максатында 17- мартынан 20-мартына чейин  рейддер өткөрүлдү.

Рейддер  Калыс-Ордо конушунда, Кудайберген, Сары-Өзөн, Азиз, ошондой эле райондун борбордук бөлүгүндө жүргүзүлдү.

Биринчи май районунун акиминин орун басары, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, РИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын өкүлдөрү, райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жана МАБдын кызматкерлери катышты.

Ала-Тоо аянтында жана Калыс-Ордо жаңы конушундагы түнкү рейддин натыйжасында түн ичинде ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) коштоосуз жүргөн 90 жашы жете элек бала жана аныкталды, 87 жашы жете элек өспүрүм ата-энесине өткөрүп берилди, 3 бала борборго жеткирилди.

Мындай мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң мыйзамдуу өкүлдөргө өткөрүлүп берилди.
Бардык аныкталган жашы элек өспүрүмдөр боюнча протоколдор түзүлдү жана тийиштуу каттар алардын жашаган жери боюнча андан ары профилактикалык иштерди жүргүзүү жана социалдык жактан колдоо үчүн жиберилет.