2025-жылдын 28, 29, 30-мартында саат 19:00дө Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында Нина Мазурдун пьесасы боюнча коюлган «Мен – Эдит Пиаф» моноспектаклинин премьерасы өтөт. Спектаклдин режиссёру – Александр Панин (Россия), сценографиясын жана костюмдарын Зухра Мукамбетова иштеп чыккан, ал эми хореографиясын Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сергей Стрельцов даярдаган. Башкы жана жалгыз ролду таланттуу актриса Накинай Дыйканова аткарат.

Бул спектакль – улуу француз ырчы Эдит Пиафтын тагдыры, сүйүүсү жана жашоосу жөнүндө терең монолог. Париждин көчөлөрүндө жаралып, ошол жерде чыгармачылык жолун баштаган, ал жөнөкөй көчө ырчысынан дүйнөгө таанымал жылдызга айланып, артына өлбөс чыгармаларды жана унутулгус үн калтырган.

«Мен – Эдит Пиаф» моноспектакли – атактуу ырчынын тарыхы гана эмес, жеңиш менен жеңилүүнүн, триумф менен жалгыздыктын да татаал сыноосун башынан өткөргөн аялдын терең сырдашуу баяны. Спектаклдин жүрүшүндө Эдит Пиафтын дүйнөлүк сахналарда бүгүнкү күнгө чейин жаңырып жаткан белгилүү чыгармалары аткарылат.

Эдит Пиафты «француз элинин жаны» деп аташкан, анын ырлары сүйүүнүн жана искусствого берилгендиктин символуна айланган. «Сүйүү. Дагы эмне болушу мүмкүн?» – деп жооп берген ал жашоонун маңызы тууралуу берилген суроого. Дал ушул ой спектаклдин өзөгүн түзүп, улуу артисттин ички дүйнөсүн ачып берет.

Париждин атмосферасына сүңгүп кирип, ондогон жылдар бою жаңырып келе жаткан улуу үндүн күчүн сезүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

Театрдын дареги: Чүй проспекти, 28.
Көрсөтүү күндөрү жана убактысы: 28, 29, 30-март, саат 19:00
Маалымат үчүн телефон: 53-04-42, +996 500 20-10-67