"Аяр" майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык борборунун кызматкерлери, кызмат алуучулар жана алардын ата-энелери Нооруз майрамына карата майрамдык концерт уюштурушту.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүгүү департаментинин өкүлдөрү жана камкорчулар кеңешинин мүчөлөрү катышты.

№87 мектептин окуучулары коноктор үчүн комузда күү чертип, кызмат алуучулар жана борбордун кызматкерлери улуттук бийлерди жана ырларды аткарышты, ошондой эле сүмөлөк даярдоонун ыкмаларын көрсөтүштү.

Мындан тышкары, салттуу тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулуп, бул иш-чара бардык катышуучуларга жагымдуу эмоция тартуулады.

«Аяр» реабилитациялоо борбору күн сайын Бишкек шаарында жашаган 100 мүмкүнчүлүгү чектелген адамга кызмат көрсөтөт.