Свердлов районунун аймагында 2013-2014-жылы туулган мектеп окуучуларынын арасында жыл сайын өткөрүлүүчү жазгы спартакиада өттү. Жаш спортчулар спорттун жети түрү боюнча күч сынашты: кичи-футбол, пионербол, тег-регби, шахмат, ордо, кыймылдуу оюндар жана дартс.

Спартакиаданын максаты – мектеп окуучуларын спортко тартуу, активдүү жашоо образын калыптандыруу жана таланттуу балдарды аныктоо. Салтка айланган бул иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти уюштурат.

Жеңүүчүлөр кубоктор, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты. Ал эми 1-орунду алган окуучуларга кошумча спорттук рюкзактар тапшырылды.

Мелдеш жыйынтыктары:

•Кичи-футбол:
1-орун – №20 МАБ;
2-орун – №21 МАБ ;
3-орун – №18 МАБ .

* Пионербол:
1-орун – №21 МАБ;
2-орун – №20 МАБ;
3-орун – №18 МАБ.

* Тег-регби:
1-орун – №21 МАБ;
2-орун – №19 МАБ;
3-орун – №18 МАБ.

* Ордо:
1-орун – №21 МАБ;
2-орун – №19 МАБ;
3-орун – №18 МАБ.

* Дартс:
1-орун – №20 МАБ;
2-орун – №21 МАБ;
3-орун – №18 МАБ.

* Кыймылдуу оюндар:
1-орун – №18 МАБ;
2-орун – №20 МАБ;
3-орун – №21 МАБ.

* Шахмат:
1-орун – №19 МАБ;
2-орун – №18 МАБ;
3-орун – №21 МАБ.

Спартакиада Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу» жарлыгын ишке ашыруу алкагында өткөрүлдү.