Бишкек шаарында жыл сайын өтүүчү «ЭКОКУБОК» сынагы жарыяланды. Сынак 2025-жылдын 31-мартынан 30-апрелине чейин өткөрүлөт. Ага 9-11-класстын окуучулары жана студенттер катыша алышат. Катышуучулар экологияны коргоого салым кошуп, өз билимдерин, чыгармачылыгын жана жигердүүлүгүн көрсөтө алышат.
Бул сынак жаштар үчүн өз жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, экологиялык маселелерди чечүү боюнча практикалык тажрыйба топтоого жана айлана-чөйрөнү коргоого салым кошууга мыкты мүмкүнчүлүк болот. Идеялар башкаларды шыктандырган мисал боло алат, ал эми эң ийгиликтүү долбоорлор таанылып, баалуу сыйлыктар менен сыйланат.
Катышуу үчүн 2025-жылдын 31-мартына чейин каттоодон өтүү керек:
https://forms.gle/NKsuZBCx14P8k4T26.
«ЭКОКУБОК» сынагынын негизги максаты – жаштарды экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө тартуу, айлана-чөйрөгө карата жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүү жөндөмүн өнүктүрүү.
Сынак төмөнкү мекемелердин колдоосу менен өткөрүлөт:
•Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти;
•Бишкек шаарынын мэриясынян билим берүү департаменти;
•Эл аралык инновациялык технологиялар университети.