Бишкек шаарында 9-класстын окуучулары үчүн CreativTaimash бизнес-баттлы өтөт. Мелдештер 2025-жылдын 15-16-апрелинде уюштурулуп, командалар өздөрүнүн ишкердик жөндөмүн, чыгармачылыгын жана идеяларды коргоо чеберчилигин сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Иш-чаранын максаты – демилгелүү окуучуларды колдоо, бизнес боюнча ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана жаңы идеяларды жаратуу.
Баттл интеллектуалдык таймаш форматында өтөт: 3-5 кишиден турган командалар идеяларын сунуштайт, андан кийин атаандаштар татаал суроолорду берип, алсыз жактарын аныкташат. Андан соң ролдор алмашып, интеллектуалдык дуэль улана берет.
Жеңүүчүлөрдү баалуу сыйлыктар күтөт!
Командаларды каттоо 2025-жылдын 4-апрелине чейин ачык. Төмөнкү шилтеме аркылуу форманы толтуруңуздар:
https://creativetaimash.comtehno.kg/
Иш-чаранын уюштуруучулары:
•Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти,
•Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаменти,
•Эл аралык инновациялык технологиялар университети.