Шаардык муниципалитетте кадрдык өзгөрүүлөр болду.
«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 61 Жарлыгы менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоонун тартиби жөнүндө» жобого ылайык, коррупция тобокелдигин азайтуу жана болгон кадрдык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу максатында, Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү жаатындагы аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин ротациялоо жүргүзүлдү.
Тизме:
Джунусова Айзада Самудиновна мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, ротациялоо тартибинде Бишкек шаарынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин директору кызмат ордуна дайындалды.
Арстамбекова Айнура Джанышовна мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, ротациялоо тартибинде Бишкек шаарынын Свердлов административдик районунун башчысынын орун басары кызмат ордуна дайындалды.
Жаныкеева Чынара Доктурбековна мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, ротациялоо тартибинде Бишкек шаарынын Биринчи май административдик районунун башчысынын орун басары кызмат ордуна дайындалды.
Садыкова Асель Сыдыковна мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, ротациялоо тартибинде Бишкек шаарынын Октябрь административдик районунун башчысынын орун басары кызмат ордуна дайындалды.
Исмаилова Бактыгуль Сардарбековна мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, ротациялоо тартибинде Бишкек шаарынын Ленин административдик районунун башчысынын орун басары кызмат ордуна дайындалды.
Абдылдаев Арсен Талапович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, ротациялоо тартибинде Бишкек шаарынын Ленин административдик району боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги кызмат ордуна дайындалды.
Болотов Азамат Кыдырбаевич мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, ротациялоо тартибинде Бишкек шаарынын Биринчи май административдик району боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги кызмат ордуна дайындалды.
Султанмуратова Рейна Абаскановна мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, ротациялоо тартибинде Бишкек шаарынын Свердлов административдик району боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги кызмат ордуна дайындалды.
Алжанбаева Күлжан Жумакадыровна мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, ротациялоо тартибинде Бишкек шаарынын Октябрь административдик району боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызмат ордуна дайындалды.
Акматов Куванычбек Увалиевич мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, ротациялоо тартибинде Бишкек шаарынын Биринчи май административдик району боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызмат ордуна дайындаллды.
Шамканова Нурзада Джумабековна мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, ротациялоо тартибинде Бишкек шаарынын Ленин административдик району боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызмат ордуна дайындалды.
Мындан тышкары, “Бишкек аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги” муниципалдык ишканасынын директору болуп, Джумалиев Эдиль Асыкбаевич дайындалды. Ага чейинки директору өз арызынын негизинде бошотулду.
Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Айбек Джунушалиев кол койду.