Бүгүн, 2025-жылдын 19-мартында, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев курулуш объекттерин кыдырып, тиешелүү тапшырмаларды берди.
Муниципалитет башчысы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы паркта курулуп жаткан көргөзмө зал-галереянын курулушу менен таанышып, санитардык түйүндөрдү орнотуу, кафетерий уюштуруу, аймакты көрктөндүрүү маселелерин карап чыгуу жана курулуш иштерин 2025-жылдын 9-майына чейин бүтүрүү тапшырмасын берди.
Учурда объектте пайдубалга арматура токуу иштери жүргүзүлүүдө. Курулуш иштери Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп, подряддык уюм катары "Гипер Строй" ЖЧКсы иш алып барууда.
Андан соң мэр Айбек Джунушалиев Свердлов районунун Ак-Бата конушундагы жалпы билим берүү мектебинин курулушун текшерди. Учурда бул объекттин 70% курулуш иштери аяктаган.
Жаңы мектеп 9 блоктон турган эки кабаттуу имарат болуп, 660 окуучуга ылайыкталган. Подряддык уюм – "Эталон Вин Спец Строй" ЖЧКсы. Учурда бардык блоктордун каркастары орнотулуп, дубалдарын тургузуу, кара жумуштары жана чатырды жабуу иштери аяктаган. Ошондой эле от казан курулуп, сырткы санитардык түйүндөрдүн каркастары бетондолуп, чатыр жабылган. Азыркы учурда электр чубалгыларын, суу жана канализация түтүктөрүн орнотуу, фасадды жылуулоо иштери жүрүп жатат.
Муниципалитет башчысы курулуш иштерин жаңы окуу жылы башталганга чейин бүтүрүү тапшырмасын берип, жаңы мектеп аймактагы калктын билим алуу муктаждыгын чечүүгө чоң салым кошорун белгиледи.
Андан тышкары, мэр “Алга” спорт комплекси курулуп жаткан аймакка барды. Бул спорттук объект футболдук оюн талаасы, эки машыгуу аянтчасы, трибуналар жана башка инфраструктураны камтыйт. Мындан сырткары, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси жана мейманкана курулууда.
Шаардык кызматтарга спорт комплексинин айланасын жашылдандыруу, бак-дарактарды отургузуу жана БЧКнын боюнда променад уюштуруу маселелерин карап чыгуу тапшырылды.
Мындан сырткары, мэр "Учкун" конушундагы жаңы бала бакчанын курулушу менен таанышты. Бул бала бакча 140 орунга эсептелгени менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык, жылма керебеттер менен жабдылып, кубаттуулугу 280 орунга чейин кеңейтилет.
Учурда котлованды казуу, пайдубалдын негизин жана тирөөч дубалдарын орнотуу жумуштары аяктады. Курулуш иштери "Аргын Курулуш" ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Жыйынтыгында, мэр Айбек Джунушалиев бардык объекттерде курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана иштерди өз мөөнөтүндө бүтүрүүнү тапшырды.