Бишкек шаарында «Газпром-балдарга» дене тарбия - ден соолукту чыңдоо комплексинде спорттук күрөш боюнча жаш кадеттер жана кыздар (U11, U14) арасында биринчи республикалык «Кыргыз Республика күрөш лигасы» аттуу турнири өттү. Бул мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан үч миңден ашуун спортчу катышты.
Турнирдин уюштуруучулары – Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясы жана Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти.
Мелдештин ачылышы спорт майрамына айланып, концерттик программа көрүүчүлөргө жана катышуучуларга кубаныч тартуулап, салтанаттуу өттү. Турнирдин катышуучуларын Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин директору Жормарт Шамканов жана Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын президенти Эркин Тентишев куттуктады. Алар балдар жана өспүрүмдөр спорту өлкө үчүн маанилүү экенин баса белгилеп, бул турнир жыл сайын өткөрүлүүчү салттуу мелдешке айланарына ишенимин билдиришти.
Мелдеш жыйынтыгында жеңүүчүлөргө медаль, кубок жана ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Грек-рим күрөшү (U11):
1-орун – Ош командасы;
2-орун – Жалал-Абад командасы;
3-орун – Чүй командасы.
Кыз-келиндер күрөшү (U11):
1-орун – Бишкек-1 командасы;
2-орун – Чүй командасы;
3-орун – Ысык-Көл командасы.
Кыз-келиндер күрөшү (U14):
1-орун – Бишкек-2 командасы;
2-орун – Бишкек-1 командасы;
3-орун – Чүй командасы.
Грек-рим күрөшү (U14):
1-орун – Бишкек-2 командасы;
2-орун – Бишкек-1 командасы;
3-орун – Талас командасы.
Эркин күрөш (U14):
1-орун – Бишкек-1 командасы;
2-орун – Баткен командасы;
3-орун – Жалал-Абад коман.дасы
Республикалык «Күрөш лигасы» турнири жогорку деңгээлде өтүп, өлкөдөгү эң күчтүү жаш балбандар бир килемде күч сынашты. Катышуучулар өз чеберчилигин, мүнөзүнүн бекемдигин көрсөтүштү. Ошондой эле, бул мелдеш тажрыйба топтоого чоң мүмкүнчүлүк болду.