2025-жылдын 17-мартында Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 аймагында мэр Айбек Джунушалиев «Orta Asya Investment Holding» ААК компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда ЖЭБ-2 аймагына жаңы буу газ орнотмосун куруу боюнча долбоордун алкагында пландалган иштер талкууланды.

Мэр Айбек Джунушалиев долбоорду ишке ашыруу боюнча бардык тийиштүү иштерди КР колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында жүргүзүүнү тапшырды.

Өз кезегинде шаардык муниципалитеттин жыйындар залында мэрдин төрагалыгы алдында Бишкек ЖЭБ, ЖЭБ-2 жана Бишкексельмаш линиялары боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пландык кеңешме болуп өттү, ошондой эле күз-кыш мезгилинен өтүүнүн жыйынтыктары каралды.

Мэрдин орун басары Талайбек Байгазиев жылытуу мезгили ийгиликтүү өтүп, бардык жылуулук системаларынын туруктуу иштеши камсыздалганын билдирди.

"2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилинде масштабдуу иштер жасалды. Бардык маселелерди жеңүүгө убакыт келди. Күз-кыш мезгилинде жана ал аяктаганга чейин биз эч кандай процессти токтотпостон, зарыл болгон оңдоо иштерин уланта бердик. Муну менен бирге биз Бишкек ЖЭБинин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылган кубаттуулук резервин сактап кала алдык", - деп белгиледи мэр Айбек Джунушалиев.

Бүгүнкү күндө ЖЭБ-2 аймагында жаңы буу газ орнотмосун куруу боюнча жана "Бишкексельмаш" буу казанында жылуулук техникалык жабдуулардын газ поршендик орнотмосун куруу боюнча ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу башталды.  

Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгына жана тиешелүү шаардык кызматтарга жогоруда белгиленген долбоорлордун ишке ашырылышын көзөмөлгө алуу тапшырылды.