Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан өз билемдик менен орнотулган темир тосмолорду демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бул иш-чаралар өзгөчө кырдаалдар болгон учурда өрт коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле "Менин шаарым" тиркемеси аркылуу шаардыктардан көп сандаган кайрылуулардын келип түшкөндүгүнө байланыштуу жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө адистер жолдун чегинен чыгып, эркин жүрүүгө тоскоолдук жараткан 9 темир тосмону жана тосмолорду алышты.

Жыйынтыгында КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 149-беренеси боюнча жалпы суммасы 200 000 сомго протоколдор түзүлдү.