«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Жукеев-Пудовкин - Токомбаев - Байтик Баатыр көчөлөрү менен чектелген айланма веложолду куруп бүттү.

 

Веложолдун узундугу 1,5 км, туурасы – 3 метрди түзөт. Аталган жолду курууга 7 миллион сом каралган.

 

Эскерте кетсек, аталган иштер «Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары» өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүп, үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда башталган.