Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин 15-марттан 17-майга чейин созула турган көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча эки айлыгынын алкагында жазгы биринчи ишембилик өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө 353,5 тоннадан ашык таштанды жыйналды. Аны чыгарууга 95 даана атайын техника тартылган.
Белгилей кетсек, тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн 580 мекемеге аймактар бөлүнгөн.
Мониторингдин жүрүшүндө ишембиликке 1329 чарбакер субъекттен тышкары, 577 мекеме чыкканы аныкталды.
Жалпысынан ишембиликке 35 миң 297 адам катышып, 135,2 га аянт тазтазаланды.
Борбор калаанын аймагын жашылдандыруунун алкагында 335 көчөт отургузулду. 217 бак-даракка санитардык бутоо иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, Ала-Арча дарыясынын Семетей көчөсүнөн ЧБЧКга чейинки 1,7 чакырым аралыгы, сугат тармагынын 22530 погон метри тазаланды.