Бүгүн, 2025-жылдын 15-мартында “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда Кыргыз Республикасынын турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, мекеменин кызматкерлерине жемиштүү эмгеги жана борборубуздунөнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Конокторго кыргыз эстрада жылдыздарынын жана бий топторунун катышуусунда концерттик программа тартууланды.
Ошентип, ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн өзгөчөлөнгөн адистер Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы, «Эмгек сиңирген ардагери» төш белгиси, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын I, II, III даражадагы мыкты кызматы үчүн төш белгилери, Ардак грамоталары, «Мыкты эмгек сиңирген ардагери» төш белгиси, Ыраазычылык каттары менен сыйланышты.
Бүгүнкү күнү “Тазалык” муниципалдык ишканасында 2000дин тегерегиндеги кызматкер иштейт жана шаардын жолдорун, тротуарларын, газондорун шыпырып-тазалоо, трассаларды жууп-тазалоо, каттуу-тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу, тышкы көрктөндүрүү элементтерин, фонтандарды күтүү, кышкы учурда кар, музду тазалоо, тапшырыктар боюнча жолбун жаныбарларды кармоо иштерин аткарат.
Белгилей кетсек, 2024-жылы «Тазалык» муниципалдык ишканасына 168 жаңы атайын техника алынган.