Бүгүн, 2025-жылдын 15-мартында борбор калаанын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлыктын алкагында Бишкек шаарында ишембилик башталды.

Алсак, Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери мэр Айбек Джунушалиевдин жана Октябрь райондук администрациясынын катышуусунда Аламүдүн дарыясынын жээгинде Сухэ-Батор көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин чыгыш тарабынан ишембилик өткөрүштү.

Адистер биргелешип аймакты таштандыдан тазалоо, куураган бак-дарактарды тазалоо жана куураган бутактарды кыюу иштерин жүргүзүштү. Тазалоо иштерине шаардык кызматтын атайын техникалары тартылды.

Буга чейин муниципалитеттин башчысынын тапшырмасы менен Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлгөн.

Ишембиликтин жүрүшүндө тиешелүү кызматтарга жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү, бак-дарактарды кыюу, дарыя жээгиндеги объектилердин тиешелүү уруксат кагаздарынын бар жогун текшерүу жана  демонтаждоо боюнча тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, эки айлыктын алкагында ишембиликке менчигинин түрүнө карабастан мекеме-уюмдар, көп кабаттуу үйлөрдө жана жеке турак жайларда жашаган тургундар катышууда.

Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы мекеме-уюмдардын жанаша жайгашкан, белгиленген жана бекитилген аймактарды тазалоо иштерине көзөмөл жүргүзөт.