2025-жылдын 17-мартынан тарта Чыңгыз Айтматов проспектисинин А.Масалиев проспектисинен Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн жабылат.
Белгилей кетсек, Ч.Айтматов проспектиси/А.Масалиев проспектиси, Ч.Айтматов проспектиси/Семетей көчөсү кесилиштери унаа кыймылы үчүн ачык болот.
Буга байланыштуу жогоруда аталган тилкеде эки автобустук каттамдын кыймылы өзгөрөт. №8 жана №55 автобустук каттамдардын кыймылы убактылуу Д.Садырбаев (Бах) көчөсүнө которулат.
Урматтуу шаар тургундары жана айдоочулар! Убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамыңызды алдын ала пландаштырууну суранабыз.