Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасынын алкагында «Ош базары» соода борборунун аймагын көрктөндүрүү, башаламан соода жайларын тазалоо жана жашылдандыруу боюнча иштер башталды.

Бүгүнкү күндө Токтогул/Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде башаламан соодадан ыктыярдуу түрдө жолдун бөлүгүн тазалоо иштери жүрүп жатат. Мындан бир жума мурун муниципалдык инспекция соодагерлерге 344 эскертүү берген.

Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан жеңил курулуштарды жана объектилерди бузуу боюнча 50 эскертүү берилген. Жеринде мыйзамсыз орнотулган 13 соода күркөсү алынган.

Атайын техникалар менен Ала-Арча дарыясынын нугун тазалоо иштери башталды.

"Бишкек жашыл курулуш" ишканасы бактарды санитардык бутоо иштерин жүргүзүүдө. Жакында “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы тротуарды реконструкциялоону баштаса, “Бишкекжарык” ишканасы көчөлөрдү жарыктандырууну талапка ылайык келтирет.

ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын өрт өчүрүүчү унаасы базардын өрт коопсуздугунун нормаларына шайкештигин текшерди. Атайын техниканы өткөрүүдө тоскоолдуктар аныкталган.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын адистери айланасын иретке келтирип,  соодагерлердин таштап кеткен таштандыларын чыгаруу иштерин жүргүзүүдө.

Өз кезегинде соодагерлер өз ишмердүүлүгүн мыйзамдуу негизде гана уланта ала тургандыктары эскертилди. «Ош базары» соода комплексинин ичинде жашылча-жемиштерди сатуу үчүн  72, сүт азыктарын сатуучу аянтта 7 бош орун бар.

Мындан тышкары, муниципалдык кызматка орношуу үчүн бош маалымат берүүгө атайыфн күркө орнотулду. Бардык кызыкдар тараптар үчүн кайсы ишканаларда бош орундар бар, кайсы кызмат орундары жана маяналары да көрсөтүлгөнү тууралуу маалымат жайгаштырылды. Жалпысынан шаардык кызматтарда 1500 бош орун бар.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев башаламан соода кылган соодагерлер менен жыйын өткөргөн. Ал жаңы базардан өз ишмердүүлүгүн мыйзамдуу жүргүзгөндөр гана орун алаарын белгилеген.

Бардык иштер калаа башчысынын көзөмөлүндө.