Иш-чара Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулат.


Аталган иш-чарага Улуттук мамлекеттик тил комиссиясынын, Бишкек шаардык кеңешинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, райондук администрациялардын өкүлдөрү, мектеп директорлору жана мамлекеттик тил боюнча мугалимдер катышат.