Бишкек шаарында аба ырайын жана сырттагы абанын температурасын эске алуу менен жылытуу мезгили 2025-жылдын 17-мартында аяктайт.
Мындай чечим күз-кыш мезгилине карата ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынды. Тиешелүү буйрукка калаа башчысы кол койду.
Белгилей кетсек, энергетика тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында Бишкек шаарынын «Электр станциялары» ААКсынын Бишкек ЖЭБ жана Бишкек жылуулукэнерго филиалдарынын мүлк комплекстери Бишкек мэриясынын балансына өткөрүлгөн.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасынын алкагында кеңири иштер жүргүзүлдү. Агулак көмүр кени муниципалитеттин балансына өткөрүлүп, ЖЭБдин от казаны жана турбиналык жабдуулары капиталдык оңдоодон өткөрүлдү, ошондой эле №3 жана №4 энергоблоктор капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, жылытуу мезгилинде бардык жылуулук менен камсыздоо системаларынын туруктуу иштешин камсыз кылууга мүмкүн болду. Бишкек ЖЭБинин электр кубаттуулугу 450 МВт, ошондой эле 100 МВтка жакын энергия запасы болгон.
Мындан тышкары ААРдин алкагында 30 откана «Бишкекжылуулукэнерго» МБнын балансына өткөрүлүп, анда кыска мөөнөттө реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, кошумча кубаттуулугу 15,5 МВт жакын казан жабдуулары ишке киргизилди.
Күйүүчү май (топливо) 600 миллион сомдон ашык унөмдөлдү. Ошол эле учурда көмүрдүн салыштырма чыгымы 400 граммдан 200 гр чейин саатына 1 кВт кыскарган.
Бүгүнкү күндө ЖЭБ-2нин аймагында жаңы комбинирленген циклдик станцияны куруу боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу башталды, «Бишкексельмаш» отканасына жылытуу жабдууларын куруу, Бишкек шаарынын ЖЭБде кубаттуулукту жогорулатуу долбоору ишке ашырылууда.
«Бишкек жылуулук электр борбору», «Бишкек жылуулук тармагы» «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканаларына, Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан ведомстволук отканалардын жетекчилерине Бишкек шаарында жайларды жана имараттарды жылуулук менен камсыздоочу жылуулук-техникалык жабдууларын өчүрүү боюнча иштерди жүргүзүү, ал эми райондук администрацияларша жылытуу мезгилин аяктоо менен байланышкан иш-чаралардын жүргүзүлүшүн камсыздоо тапшырылды.