Борбор калаадагы №95 мектеп-гимназиясында Мектеп Лигасынын баскетбол боюнча шаардык этабы өттү. Бул мелдешке чейин райондук турлар өткөрүлүп, мыктылар иргелип алынган. Натыйжада, шаардык этапта күчтүү командалар ат салышып, жеңүүчүлөр аныкталды. Жалпы 32 команда – 16 эркек балдар жана 16 кыздар командасы турнирге катышты.

Мелдешти Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти уюштурду. Мектеп Лигасы жыл сайын өтүп, жаш өспүрүмдөрдүн спортко болгон кызыгуусун арттырып, дени сак жашоого үндөө максатын көздөйт.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр:

Балдар арасында:

1-орун – №29 жалпы билим берүү мектеби (Биринчи май району);
2-орун – №110 жалпы билим берүү мектеби (Свердлов району);
3-орун – №33 жалпы билим берүү мектеби (Свердлов району).

Кыздар арасында:

1-орун – №110 жалпы билим берүү мектеби (Свердлов району);
2-орун – №33 жалпы билим берүү мектеби (Свердлов району);
3-орун – №29 жалпы билим берүү мектеби (Биринчи май району).

Жеңүүчүлөргө кубок, медаль жана грамоталар тапшырылды. Бул турнир жаш спортчуларды шыктандырып, алдыда шаардагы спорттун өнүгүшүнө чоң салымдарын кошот деген ишеним бар.