2025-жылдын 18-мартында саат 10:00дөн 19:00гө чейин төмөнкү даректердеги турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы:
- Ч.Айтматов проспектиси № 93/1, 93/2, 93/3, 93/4, 93/5, 93/6;
- Токтонолиев көчөсү, 139/3, 157, 153, 153/3, 155;
- Т.Океев көчөсү 39/3, 39/4, 39/6, 39/7, 39/8.
Мындан тышкары, ТЧЧК – Куйручук – ТЧЧК– Молдокулов көчөлөрү менен чектелген тилкеде суу болбойт.
"Аэропорт" суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу суу убактылуу токтотулат.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.