Борбордогу Октябрь районунда жайгашкан №3 орто мектепте Аталар күнү белгиленди.
Иш-чарага Олимпиада оюндарынын чемпиону, төрт жолку дүйнө чемпиону жана эки жолку Европа чемпиону Каныбек Осмоналиев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Бейшенбек Осмоналиев, ошондой эле Муниципалдык администрациянын, Билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана коңшу мектептердин жогорку класстарынын окуучулары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө «Биздин аталарыбыздын тарыхы» аттуу презентация көрсөтүлүп, анда Алымбек Датка, Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков, Чыңгыз Айтматов, Каныбек Осмоналиев, Курманбек Жусупов, Муса Баетов, Сүймөнкул Чокморов, Акжол Махмудов сыяктуу улуу инсандар жана алардын эмгектери жөнүндө маалымат берилди.
Ошондой эле «Аталар» темасында көркөм окуулар уюштурулуп, үй-бүлөдө аталардын маанилүү ролу тууралуу сахналар коюлду. Балдар менен ата-эненин ортосундагы байланышты бекемдөө маселеси көтөрүлдү. Гитаранын коштоосунда «Менин атам – менин сыймыгым» аттуу ыр аткарылды.
Каныбек Осмоналиев окуучуларга өз жетишкендиктери тууралуу айтып берип, ийгиликке жетүү үчүн туура максаттарды коюу, терең билимге ээ болуу жана өзүн-өзү өнүктүрүү зарыл экенин белгиледи. Ошондой эле улууларды сыйлоого, кичүүлөрдү ызаттоого, адептүү адамдар болуп өсүүгө чакырды.
Мындан тышкары, мугалимдерди өзгөчө урматтоо керектигин белгилеп, аларды сыйлоо жана ардактоо зарылдыгын айтты. Ошондой эле ар бир жаран өз мекенин сүйүп, элине жана өлкөсүнө кызмат кылышы керектигин баса белгиледи. Балдарды спорт менен машыгууга чакырды.
Иш-чаранын аягында Каныбек Осмоналиев №3 орто мектептин эң активдүү үч окуучусуна өзүнүн кол тамгасы коюлган китептерди белекке берди.