Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасынын алкагында мэрдин орун басары Рамиз Алиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте «Ош базары» соода базар комплексинин чарбалык субъектилеринин ээлери менен жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө мындан ары жанаша жайгашкан аймактын санитардык нормаларына чарбалык субъектилердин ээлери жооп берери баса белгиленди. Жакшыртуу эрежелерине ылайык, алар соода түйүндөрүнөн 10 метр радиуста тазалыкты жана тартипти сактоосу керек.

Ошондой эле өзгөчө кырдаал болгон учурда ӨКМдин атайын техникасы окуя болгон жерге ээн-эркин жете алгандай,  өрт коопсуздугунун талаптарына  жооп бериши керек.

Башаламан соода менен алектенген соодагерлерди базар ичинде жумуш орундары менен камсыз кылуу же шаардык чарба тармагында жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштоо милдети коюлду.

Учурда жашылча жемиштерди саткан базарда 72 орун, сүт азыктарын саткан жагында 7 орун бар. Мындан тышкары, шаардык чарба кызматтарында  1миң 500 гө жакын бош кызмат орундары бар.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы тарабынан башаламан соодагерлерге Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын сактоо зарылчылыгы тууралуу маалымат берүү улантылууда.

Санитардык абалды жакшыртуу жана коопсуздукту камсыздоо алкагында жакынкы аралыкта шаардык кызматтар тарабынан Ош базарынын боюндагы Ала-Арча дарыясынын нугун тазалоо жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен орнотулган объектилерди демонтаждоо иштери башталат.

Белгилей кетсек, көрктөндүрүү, санитардык абал жана жашылдандыруу маселеси Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин көзөмөлүндө.

Маалымдама: Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча «Ош базары» соода борборунда 26 ишкердик субъекти катталган.