Борбор калаанын муниципалитетинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Франциянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николя Файдын жолугушуусу өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар француздардын Veolia жана POMA компаниялары менен шаардык инфраструктураны модернизациялоо алкагында кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Борбор калааны жылуулук менен камсыздоо системасын өнүктүрүүгө багытталган Veolia менен долбоорго өзгөчө көңүл бурулууда. Француз технологияларын жана инвестицияларын тартуу менен жаңы отканаларды куруу жана ЖЭБди (Бишкек ТЭЦ) модернизациялоо мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Мындан тышкары, жыйында Бишкектин коомдук транспортун жакшыртуу маселеси талкууланды.

Шаар мэри француз тарап менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн эл аралык тажрыйбаны жана алдыңкы технологияларды тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Франциянын элчиси шаардык инфраструктураны туруктуу өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди колдоого даяр экендигин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, жакынкы арада Veolia жана POMA өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуулар пландалып, анда долбоорлорду ишке ашыруунун шарттары жана механизмдери кеңири талкууланат.

лл