Борбор калаанын муниципалитетинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) жана Сеул институтунун өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу өттү.

Талкуунун негизги темасы “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү үчүн туруктуу шаардык транспорт системасын түзүү” долбоору болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар долбоордун негизги максаттарын жана милдеттерин карап чыгышты, анын ичинде:
- шаардык транспорт системасын өнүктүрүүнүн орто жана узак мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- транспортту башкаруунун заманбап технологияларын жана ыкмаларын интеграциялоо, анын ичинде коомдук транспорттун каттамдарын оптималдаштыруу, транспорттук агымдардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн мониторинг системаларын жана маалыматтарды талдоо жүргүзүү;
- пайдалануучулардын бардык категориялары үчүн транспорттук системанын жеткиликтүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуу;
- бардык кызыкдар тараптарды, анын ичинде жергиликтүү жамааттарды, бизнести жана өкмөттүк эмес уюмдарды жигердүү тартуу, бул жарандардын ар түрдүү керектөөлөрүн эске алууга мүмкүндүк берет жана бир кыйла туруктуу транспорт системасын түзүүгө көмөктөшөт;
- экологиялык жактан таза коомдук транспортту киргизүү жана жөө жүргүнчүлөр жана велосипед сүйүүчүлөр  үчүн инфраструктураны өнүктүрүү аркылуу шаардык транспорт системасынын экологиялык туруктуулугун жогорулатуу. Бул чаралар абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүүгө жана шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууга жардам берет.

Борбор калаа башчысы бул долбоордун борбор калаа жана бүтүндөй Кыргыз Республикасы үчүн маанисин белгилеп, демилгени ийгиликтүү ишке ашыруу транспорт инфраструктурасын гана жакшыртпастан, айлана-чөйрөнү коргоого, эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана шаардын инвестициялык жагымдуулугун арттырууга да салым кошоорун белгиледи.

KOICA өкүлдөрү долбоорду ишке ашыруу планы жана муниципалдык бийлик органдары менен өз ара аракеттенүү механизмдери менен тааныштырышты. Негизги өнөктөштөрдүн бири болгон Сеул институту инновациялык технологияларды колдонуу боюнча практикалык сунуштары менен бөлүшүп, долбоордун концепциясын сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар долбоордун өз убагында жана натыйжалуу ишке кириши үчүн мындан аркы аракеттерди координациялоо жана маалымат алмашуу боюнча макулдашышты.

Маалымдама: “Бишкек шаарында көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү үчүн туруктуу шаардык транспорт системасын түзүү” долбоору “Q-DEEP (Track 1) – коомдук кызматташуу долбоору” программасынын алкагында ишке ашырылууда. Ал Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы экологияны жана инфраструктураны өнүктүрүү жаатында өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган. Ошондой эле долбоордун алкагында Сеул институтунун профессорлору 17-23-январь аралыгында Корея Республикасынын Сеул шаарында жана 5-9-март аралыгында Бишкек шаарында шаардык транспортту өнүктүрүү жаатында билим берүү лекцияларын жана семинарларды өткөрүшкөн.