Бишкек шаарында “Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасы көпүрө өтмөктөрүн тазалоо иштерин улантууда.
Иш атайын насос жабдууларды колдонуу менен жүзөгө ашырылат. Жумушчулар арыктарды таштандылардан, анын ичинде тыгылып калган бөтөлкөлөрдөн жана башка таштандылардан тазалоодо.
Учурда Абдрахманов, Гоголь, Чортеков, Темирязов, Алыкулов, Ауэзов жана Анкара көчөлөрүндө, Кара-Жыгач, Көк-Жар кичи райондорунда иштер жүрүп жатат.
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаада тазалыкты жана тартипти сактоо үчүн бардык аракеттерди көрүүдө.
Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Биз сиздерден таштандыларды белгиленбеген жерлерге ыргытпоону суранабыз. Арыктарга таштандыларды таштоо тыгындарга жана суу ташкынына алып келип, шаар тургундары үчүн ыңгайсыздык жаратат. Шаардын тазалыгы жана коопсуздугу үчүн сиздердин жардамыңыздар жана салымдарыңыздар абдан маанилүү.